Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-отурумунун
ТОКТОМУ
13.01.2025№3/5
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын Кара-Жыгач-3 көчөсүндөгү №4 дарегиндеги 5-01-13-1004-0106 муниципалдык менчикте турган 1444,00 чарчы метр бош тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндө
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовдун баяндамысын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын Кара-Жыгач-3 көчөсүндөгү №4 дарегиндеги 5-01-13-1004-0106 муниципалдык турган 1444,00 чарчы метр бош тилкесинин максаттуу багытын мечит куруу үчүн деп өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |