Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-отурумунун
ТОКТОМУ
13.01.2025№3/6
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга аткарылышы, 2025-жылга малымат, 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2027-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү – 26000,3 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше – 6461,2 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 936,1 миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 12555,0 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт) – 5929,3 миң сом, мурунку жылдан өткөң калдык – 1054,8 миң сом (анын ичинен атайын каражат -307,1 ) жана чыгаша бөлүгү – 24923,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү – 29368,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше – 10049,9 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 728,0 миң сом), Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү трансферт – 19318,5 миң сом, Республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт (целевой трансферт)–2015,7 миң сом, мурунку жылдан өткөң калдык – 1054,8 миң сом (анын ичинен атайын каражат -307,1) жана чыгаша бөлүгү– 24923,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү -33097,7 миң сом, анын ичинен Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү трансферт – 22375,9 миң сом , өздук кирешелер – 10721,8 миң сом (анын ичинен атайын каражат 1176,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү – 33097,7 миң сомго бекитилсин.
4. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы-19534,8 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12699,7 миң сом, анын ичинен өздук киреше – 6835,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго) бекитилсин.
5. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2027-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунуцн планы - 20241,8 миң сом, теңдештирүүчү трансферт 12699,7 миң сом, анын ичинен өздук киреше – 7542,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат -588,0 миң сомго) бекитилсин.
6. Курманжан Датка айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелердге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлумүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жана айыл өкмөтүнүн СЭӨП бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Женишбекке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |