Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-отурумунун
ТОКТОМУ
13.01.2025№3/7
Боз-Караган айылы
Боз Караган айылындагы 5-01-06-1001-02-04 коду менен турган Маматов Акжигит атындагы көчөсү-2, 30а дарегиндеги муниципалдык менчикте турган жер участогун муниципалдык мончо курууга уруксат берүү жөнүндө
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Боз-Караган, Жар-Кыштак жана Кара-Шоро айылдарынын жашоочуларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Боз Караган айылындагы 5-01-06-1001-02-04 коду менен турган Маматов Акжигит атындагы көчөсү-2, 30а дарегиндеги муниципалдык менчикте турган жер участогун муниципалдык мончо курууга ижара шартында уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. А. Пасаңовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |