Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ
24.01.2025 №4/1
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңеши жайыт пайдалануучулары менен иштөө боюнча адиси А. Камчыбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык Кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3 отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучуларынын бир жылдык бюджетине каралган 265,0 миң сомдун 1/3 бөлүгү 87 450 сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө, жер салыгын эске алуу менен калтырылсын (тиркеме тиркелет).
2. Жыл ичинде алыскы жайыттардан түшкөн салыкты сметада каралган суммадан ашыкча түшсө кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |