Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ
24.01.2025 №4/3
Боз-Караган айылы
Айыл аймагына караштуу социалдык обьектилердин №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов атындагы орто мектептеринин директорлорунун жазган билдирүүсүнө ылайык бак дарактарын кыюуу жөнүндө.
№23 М. Ташиев, №24 К. Аматов атындагы орто мектептеринин жана айыл өкмөтүнүн имаратына тиешелүү болгон кара жыгач жана теректердин 1972-жылы эгилип, баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугуна жана бак-дарактар эскиргедигине, куураган абалга келгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин жана өсүп турган дарак түрлөрүн турган жеринде баалап өткөрүүгө таксаларды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 14-пунктуна ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов атындагы орто мектептеринин жана айыл өкмөтүнүн имаратына тиешелүү болгон кара жыгач жана теректердин 1972-жылы эгилип, баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугуна жана бак-дарактар эскиргедигине, куураган абалга келгендигине байланыштуу, бакты түп тамырынан бери жулуп алып, тазалоого жана бошотулган жер аянтына жаш көчөттөрдү отургузууга уруксат берилсин.
2. Бактагы көп жылдык дарактарды түп тамырынан бери жулуп тазалоо иштерин аткаруу үчүн экологиялык багытта иш алып барган тиешелүү мамлекеттик мекемеден корутунду жана уруксат алуу жагы Курманжан Датка айыл өкмөтү тарабынан суралсын.
3. Аталган мекемелерден кыйылган
- №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинен 8 даана кара жыгачы;
- №24 К. Аматов атындагы орто мектебиндеги кара-жыгач-52 даана, теректер-27 даана;
- айыл өкмөтүнүн имаратына тиешелүү 35 даана отундарды айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон социалдык мекемелердин ашканасына иштетүүгө жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |