Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ
24.01.2025 №4/4
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылынын тургуну Джусубалиев Нургазы Мураталиевичке ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобонун жана Кара-Шоро айылынын жарандарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө материалдык жардамын тыгыз көрсөткөндүгү, жамааттардын ынтымактуулугуна кошкон зор салымы үчүн Кара-Шоро айылынын тургуну Джусубалиев Нургазы Мураталиевичке Курманжан Датка айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Курманжан Датка айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздап берүү жагы СЭӨП бөлүм башчыга (Ж. Исакова) жүктөлсүн.
3. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |