Загрузка документа…
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 4-отурумунун
ТОКТОМУ
24.01.2025 №4/5
Боз-Караган айылы
Курманжан Датка айыл аймагынын салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде 8,5 чен (ставка) менен жүргүзүлсүн.
3. Курманжан Датка айыл аймагында турак жай имарараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Камчыбек уулу |