Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясынын 

27.01.2024 № 36/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2023-жылда көп топтолуп жана иштетилбей калган 1213,0 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2024 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2023-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 1213,0 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө киргизүү жагы белгиленип, Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 36- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2024-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 1126,5 миң сом, атайын каражаттан калган 86,5 миң сом жалпы 1213,0 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын

 

Бөлүм

Беренелердин аталышы

Берене

Сумма

Аппарат       

Эмгек акы төлөө фондуна

2111

177,4

Аппарат

Социалдык фондко төгүмдөр

2121

30,6

Аппарат

Дагы башка транспорт кызматын көрсөтү

2214

246,0

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

115,1

Аппарат

Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2221

50,0

Аппарат

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу

2222

125,6

Эконом маселелер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

22,1

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

131,2

Саламаттыкты сактоо

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

100,0

Библиотека

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу

2222

6,9

Клуб

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу

2222

6,6

Балдар бакчасы

Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2221

70,0

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

45,0

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын  алуу

2218

86,5

 

 

Бардыгы:

1213,0

 

2.Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын 1-кварталы менен 1213,0 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага :

 М. Макенов