Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясынын 

27.01.2024 № 36/5

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган ветеринардык адис контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык дарыгерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 36 - сессиясы ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн сунушунда көрсөтүлгөн Жаңы-Алай айылынын так ортосунда жайгашкан “Сибир жарасынын” очогу баланста тургандыктан, Алай районунун ветеринардык адистери Гүлчө айылында жана жол аралыгы Гүлчө айылынан 90 чакырым алыс болгондуктан, ветеринардык профилактикалык иштер өз учурунда болбой, айылда жашаган жарандардан арыздар көп түшкөнүн эске алып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен контрактык негизде ветеринардык адистик штат бирдиги киргизилсин.

 

2.2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 01-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын №1 тиркемесиндеги “Адис, инспектор” “2,10” коеффициенттик тарамы менен айлык акысы төлөнүп берилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :

 М. Макенов