Редакцияот 27.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясынын 

27.01.2024 № 36/6

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу №23 Жаңы-Алай жана №25 Жаңы-Арык балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамак ашына бюджеттен 18 сомдон акча каражатын кароо жөнүндө

 

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу №23 Жаңы-Алай жана №25 Жаңы-Арык балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамак ашына 2024-жылдын бюджетинен 18 сомдон акча каражатын кароонун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу №23 Жаңы-Алай жана №25 Жаңы-Арык балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдардын тамак ашына 2024-жылдын бюджетинен 18 сомдон акча каражатын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине сунушталсын жана бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :

 М. Макенов