Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясынын
20.03.2024 № 37/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын айыл башчысын контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30,37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30,37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын айыл башчы штаттык бирдиги берилсин.
2.2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын №1 тиркемесиндеги “жетектөөчү адис 2,30” коэффиценттик тарамы менен айлык акысы төлөнүп берилсин.
4. Эмгек акы төлөө фондуна 145,8, социалдык фондко төгүмдөр 25,2 бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргилип чыгымдалсын.
5.Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын 20-марты менен 171,0 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго,КЭБ башчы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Төрага : | М. Макенов |