ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясынын
20.03.2024 № 37/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө контрактык негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30,37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30,37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө статист-экономист,аскерге эсепке алуу столу,калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча штаттык бирдиктери берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Төрага : | М. Макенов |