Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясынын 

20.03.2024 № 37/4

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-2023-жылга аткарылышы,2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 30,37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 37-сессиясы токтом кылат:

 

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 10725,1 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 4246,8 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар 891,2 миң сом), теңдештирүүчү трансферт 3484,0 миң сом республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 2083,1 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 911,2 миң сом жана чыгаша бөлүгү 9248,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 13590,1 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 4805,8 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар 798,4 миң сом), теңдештирүүчү трансферт 6323,0 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 985,0 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1476,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 12377,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

3.Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 10835,3 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 6280,8миң сомго, өздүк киреше -4554,5 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 445,0 миң сом) бекитилсин.

 

4.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 11407,6 миң сомго, анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 6280,8миң сом, өздүк киреше 5126,8 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар – 445,0 миң сом), 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 11959,6 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 6280,8 миң сом, өздүк киреше 5678,8 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 445,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

 

5.Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.

6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

 

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага :

 М. Макенов