Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 39-сессиясынын
25.04.2024 № 39/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына айыл статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүмүнө жана 12-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына айыл статусун берүү жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүмүнө жана 12-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына Алымбек-Датка атындагы айылы статусун берүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасына айыл статусун берүү, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага : | М. Макенов |