Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-майы №7-4
Т.Кулатов айыл аймагынын Сары Таала бөлүмүнүн №1165 чөйрө Сызыгындагы 8,14 га айыл чарба багытындагы жарандардын жеке менчигиндеги үлүш жер аянтарын мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарып алып, жарандардын жеке менчигине айыл чарба фондунун жерлеринен берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну № 68 Жер кодексинин 1-4-пункттарына таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары маселе боюнча таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Кулатов айыл аймагынын Сары Таала бөлүмүнүн №1165 чөйрө сызыгындагы 8,14 га айыл чарба багытындагы жарандардын жеке менчигиндеги үлүш жер аянтарын мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарып алып, жарандардын жеке менчигине айыл чарба фондунун кайрак айдоо жерлеринен берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага |
А.Эшимбаев |