Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын
13.01.2025 № 3/8
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь “125 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүүнү карап, талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024 - жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |