Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясынын
19.02.2025 № 4/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде 8,5 чен (ставка) менен жүргүзүлсүн.
3. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай имарараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |