Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясынын
19.02.2025 № 4/2
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6-главасынын 60-беренесине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аксакалдар сотунун регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жаңы-Алай айыл өкмөтү Аксакалдар сотторунун регламентин ушул токтомдун 2-пунктунда сунушталган тартипте иштеп чыгууга, кабыл алууга көмөктөшсүн.
3.Ушул токтом жана Аксакалдар сотунун регламенти Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн jany-alai.el.kg веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Аксакалдар сотунун регламентин расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |