Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 4- сессиясынын
19.02.2025 № 4/3
“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Бекитүү:
-Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1- тиркемеге ылайык;
-имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык;
2.Айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |