Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын
24.03.2025 № 5/1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жургүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманы жана түзүлгөн отчетун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманы жана түзүлгөн отчетун кароо жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетун жана сунуштаманын негизинде кетирилген кемчилдиктерди ордуна келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш тутуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманын жана түзүлгөн отчеттунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди ордуна келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык иш жүргүзүү жагы ФЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |