Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын
27.03.2025 № 5/2
Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймактарда өткөрүлгөн жамааттык жыйындардын протоколунун негизинде комиссиянын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин. ( тиркеме тиркелет )
2.Участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүккө талапкерлердин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык маданий маселелер боюнча кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |