Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын
27.03.2025 № 5/3
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 5-подпунктуна ылайык, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылга жайыт пайдалануучуларга бир баш малга жайыт акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Бир баш бодо малга 100 сом, сырттан келген малга 150 сом;
- Бир баш жылкыга 100 сом, сырттан келген жылкыларга 150 сом;
- Бир баш майда жандыкка 30 сом, сырттан келген майда жандыкка 50 сом;
2.Элдин малын баккан малчыларга жайыт акыларын убагында төгүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берүү жана жайыт акысын убагында төлөбөгөн мал багуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |