Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5- сессиясынын
24.03.2025 № 5/4
“Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасы Жаңы-Алай айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн 4500000 сомго 1 даана таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункутунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат :
1. “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасына Жаңы-Алай айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сомго таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн калган 1000000 (бир миллион) сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовко милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |