Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы №1
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу айыл аймактагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын карап чыгып, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу айыл аймактагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 360 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 (он) сомдон болуп бекитилсин.
2.Кашка-Суу айыл аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген ставка боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге жана айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар жана кирешелер боюнча жетектөөчү адис К.Акунбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |