Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-1
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын тургундарыны турак жай менен камсыз кылуу максатында даярдалган башкы планын бекитип берүү жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын тургундарыны турак жай менен камсыз кылуу максатында даярдалган башкы планын бекитип берүү боюнча Октябрь айылынын жайыт жерлеринен бары болуп, 33,4 га жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулгандыгын белгилеп, тез күндө атайын комиссия тарабынан турак жайга муктаж болгон үй бүлөөлөрдү тактап, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп, депутаттар айыл өкмөтү тарабынан даярдалган турак жай боюнча башкы планы менен таанышып, сөзгө чыккан депутаттардын ой пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык кенеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулган Октябрь айылынын жайыт жеринен 33,4 га жер аянтына даярдалган башкы планы бекитилсин.
(№1- тиркеме тиркелет.)
2. Айыл өкмөтүнө Айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 16-сессиясында айыл тургундарына турак жай берүүдө бир жаранга берилүүчү жер тилкеси 0,04 га болуп, бкитилип берилген №16-9 токтомунун негизинде иш алып баруусу тапшырылсын.
3. С.Юсупова айыл өкмөтү тарабынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун ажыратып берүү боюнча түзүлгөн комиссиясына айыл өкмөтүнө айыл тургундарынан турак жай боюнча жазган арыздарды толугу менен карап, ар бирин жашаган дарегине барып, жашоо шарты менен таанышып, турак жайга муктаж болгон кожолуктарга биринчи кезекте жер тилкеси менен камсыздоо жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |