Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы №3
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы №5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагыны караштуу Ачык-Суу айылынын элинин кайрылуусун карап чыгып, Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы айыл элинин муктаждыгын канааттандыруу максатында “Мазар” участкасына мечит салуу үчүн участканын башкы планына өзгөртүү киргизүү менен мечиттин орду көрсөтүлүп, башкы план кайрадан даярдалсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |