Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы №4
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө Hyndai W 140 үлгүсүндөгү кош дөңгөлөктүү экскаваторду Айыл Банктан лизинг аркылуу алууга макулдук берүү жөнүндө ө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айыл аймактын элинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Hyndai W 140 үлгүсүндөгү кош дөңгөлөктүү экскаваторун Айыл Банктан лизинг аркылуу алууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартип, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |