Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-3
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 2- жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн эсебине Араван Билим – Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараттын айыл өкмөтү муниципалдык менчигине алып, билим берүү багытында орто мектеп катары пайдаланууга тапшырууда акча каражаты 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинде каралбагандыгы жана аталган мектептин ремонтуна (ички жана сырткы ремонтуна, жылытуу тармагына, от казан сатып алууга жана электр тармактарына) көп акча каражаттары карыжыланышын белгилеп, айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 2- жарым жылына карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү кигизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнө Араван Билим – Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараттын айыл аймагында билим берүү багытында орто мектеп катары пайдаланууда мектептин ремонтуна жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын 2-жарым жылдыгына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Араван Билим – Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараттын айыл аймагында билим берүү багытында пайдалануучу орто мектептин ремонтуна айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2- жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджетине кошумча булактардан жана үнөмдөлгөн беренелердин эсебинен акча каражаттарын карыжылоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнө пайдалануудагы орто мектептин жалпы ремонтуна жергиликтүү бюджетинен карыжыланган акча каражаттары боюнча жергиликтүу кеңештин кезектеги сессиясында кошумча маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |