Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы №5
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын “Газ” участкасынан 291 га, “Жайылма” участкасынан 33 га, “Сүтүү-Булак” участкасынан 3,5 га, “Мазар” участкасынан 8,03 га, “Бөрү-Көрбөс” участкасынан 15 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндө турган жалпы 350,53 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |