Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-4
Араван айылы
Араван Билим-Ордо жеке мектеби бошотуп берген имаратты натыйжалуу, максатуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясынын аталган имаратты билим берүү багытында пайдаланып, билим берүү мекемесине Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу боюнча 2024-жылдын 6-августундагы №2 протоколун бекитип берүү жөнүндө.
Араван Билим-Ордо жеке мектеби бошотуп берген имаратты натыйжалуу, максаттуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясынын аталган имаратты билим берүү багытында пайдаланып, билим берүү мекемесине Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу боюнча 2024-жылдын 6-августундагы №2 протоколу жана кабыл алынган чечими менен айылдык кеңешинин депутаттары таанышып, депутаттардын колдоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008-жылдагы №467 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.07.2022-жылдагы №387 сандуу токтомунун редакциясына ылайык) 12,19-пунктун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ.
1. С. Юсупова айыл аймагындагы Араван Билим- Ордо жеке мектеби бошотуп берген имаратты билим берүү багытында пайдаланып, билим берүү мекемесине Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу боюнча 2024-жылдын 6-августундагы № 2 протоколу бекитилсин.
2. Араван Билим- Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараты №53 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп аталсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтү өзүнүн укуктук-ченемдик актыларында ушул токтомдон келип чыккан иш чаралардын негизинде жана электрондук базалык тутумдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттендирилсин.
4. Араван Билим- Ордо жеке мектеби бошотуп берген имараты №53 Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектеби деп аталышына зарыл болгон бардык каражаттар жергиликтүу бюджеттен карыжыланышы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |