Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-февралы №6
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын “Ортолук” участкасындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндө турган 1,5 га жер аянтын таштанды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |