Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-5
Араван айылы
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 3- кварталына карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин
3- кварталына карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан даярдалган 2024-жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү башкы бухгалтер Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, сессияга катышкан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-жарым жылдыгында айыл чарба багытындагы жерлердин салыгын жоготууларын Республикалык бюджет тарабынан карыжыланган 412,9 ( төрт жүз он эки миң тогуз жүз) миң сом жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
(1-тиркеме тиркелет.)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №2-тиркемеге карата бекитилсин. (2-тиркеме тиркелет.)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгатери Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |