Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты №1
Кашка-Суу айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервин түзүү жөнүндө
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы №2 чыгыш сандуу катына ылайык, Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн жарандардын тизмесин Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаттары карап чыгып, талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу № 5164,№ 5165,№ 5166, № 5167, № 5168 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жарандардан туруктуу жашаган айылдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Талапкерлердин документтерин Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартип, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |