Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты №2
“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү” жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелерине, Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы бекитилсин.
2.Кашка-Суу айыл өкмөтү, шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге, көзөмөлдөөнү Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.
Төрага |
Б.И.Карыбеков |