Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-6
Араван айылы
Араван айылынын тургуну Файзуллаев Каримулло Кызыл Добо көчөсү №283/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 2490,00 чарчы, мт өндүрүштүк, складтын жер тилкеси багытындагы жер тилкесинин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө.
Араван айылынын тургуну Файзуллаев Каримулло Кызыл Добо көчөсү №283/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 2490,00 чарчы, мт өндүрүштүк, складтын жер тилкеси багытындагы жер тилкесинин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван айылынын тургуну Файзуллаев Каримулло Кызыл Добо көчөсү №283/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 2490,00 чарчы, мт өндүрүштүк, складтын жер тилкеси багытындагы жер тилкесинин багытын турак жай багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын тургуну Файзуллаев Каримулло Кызыл Добо көчөсү №283/1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 2490,00 чарчы, мт өндүрүштүк, складтын жер тилкеси багытындагы жер тилкесини турак жай багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |