Загрузка документа…
С.Юсупова айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясы
ТОКТОМ
28.08.2024-жыл. № 22-10
Араван айылы
Октябрь айылынын тургуну Халилова Марал С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октярь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жеринин багытын мал базары багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Октябрь айылынын тургуну Халилова Марал С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октярь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жеринин багытын мал базары багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, чындыгында аталган жер тилкеси азыркы күндө райондук мал базары болуп иштеп жатканынын белгилеп, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Октябрь айылынын тургуну Халилова Марал С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октярь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га (бир гектар элүү сотых) гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жеринин багытын мал базары багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын тургуну Халилова Марал С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октярь айылында жайгашкан жеке менчик 1,5 га гараж куруу үчүн жер участогу багытындагы жеринин багытын мал базары багытына өзгөртүп берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Файзуллаев |