Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы № 11/2
Кара-Кочкор айыл аймагынын Октябрь айылындагы Калпак участкасынын көчөсүнө Ооган согушунун ардагери маркум Маметов Кеңешбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесин, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдын № 467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБОнун 10-пунктунун 4-абзацына негиз, Октябрь айылындагы Калпак участкасынын көчөсүнө Ооган согушунун ардагери маркум Маметов Кеңешбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Октябрь айылынын 31.01. 2025-жылдагы жалпы элдик чогулушунун №1 протоколунун негизинде депутат Т.Махудовдун 31.01.2025-жылдагы маалыматтын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын тургундарынын 31.01.2025-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 8 протоколу жактырылып, бекитилсин.
2. Октябрь айылындагы Калпак участкасынын көчөсү Маметов Кеңешбек атындагы көчө болуп аталсын.
3. Коюлган көчөнүн жарыктандыруусун жана оңдоп түзөө иштери Маметов Кеңешбектин балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Октябрь айылынын айыл башчысы Н.Суранчиевке жүктөлсүн.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |