Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII-шайланган) кезексиз 11-сессиясы

 

2025-жылдын 01-августу  № 11/4

“Мамлекеттик лизинг компаниясы “  ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо максатында, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 633 тескемесине ылайык Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылдарга акча каражаттары каралсын.

2.“Мамлекеттик лизинг компаниясы “ ачык акционердик коому жөнөткөн келишимге бекитилген талаптарды так аткарууга документтерин даярдоо жана жөнөтүү жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жүктөсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын өзүмдүн кароомо калтырам.

 

Төрага

Мухамедысак уулу Э