Редакцияот 25.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

ТОКТОМ

 

 25.07.2025-жыл.    № 34

Сопу-Коргон айылы                                  

Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө.

 

Үч-Дөбө-Алай айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун угуп 2025-жылдын 15-июлундагы № 2 протоколунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылдын бекитилген сметасындагы салыктын төмөндөгү түрлөрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

 

К/н

Берененинаталышы

Берене

 

Бардыгы

2025-жыл

2-квартал азайтуу

 

3-квартал азайтуу

 

1

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

11312200

1277,0

438,9

838,1

2

Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

11321200

50,0

50,0

 

 

бардыгы

 

1327,0

488,9

838,1

 

2.Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

 

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин

аталышы

Берене

Бардыгы

2025-жыл

2-кв азайтуу

3-кв азайтуу

70111

аппарат

Байланыш кызматы

2212

46,4

 

46,4

 

70111

аппарат

Көмүр алуу

2224

10,0

 

10,0

 

Эк.вопрос(др)

Машинелер жана жабдуулар

3112

692,4

 

692,4

 

70821

Библиотека

Комур алуу

2224

2,0

 

2,0

70823

Клуб

Машинелер жана жабдуулар

3112

47,5

47,5

 

70862

культмерприятия

Башка кызмат корсотулор

2215

158,5

158,5

 

70911

Дет.сад

Комур алуу

2224

45,0

 

45,0

70911

Дет.сад

Имарттар жана курулмалар

3111

157,4

157,4

 

70921

Ср.школа

Комур алуу

2224

42,3

 

42,3

70921

Ср.школа

 

 

 

 

 

710

Соц.коргоо

Башка кызмат корсотулор

2215

125,5

125,5

 

 

Бардыгы:

 

 

1327,0

488,9

838,1

 

 

3.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

 

4.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы М.Ж.Турганбаевке жана СЭӨБнүн башчысы С.Ы.Карыбековго милдеттендирилсин.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

Н.Турсуналы уулу