Редакцияот 13.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

24-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы №24-3

 

Айыл аймагындагы мүлк салыгын, зоналдык коэффициентин жеңилдик

алуучулардын салыгынын жана айыл чарба жерлеринин салык

төлөмүнүн базалык өлчөмүн бекитүү тууралуу

 

        Айыл өкмөтүнүн  айыл аймагындагы мүлк салыгын зоналдык коэффициентин, жеңилдик алуучулардын жана айыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн   базалык өлчөмүнүн салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу  сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы «КРнын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» №4-мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин  2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-1-1,0; К-2 -1,2; К-З -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2024-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 943 кожолуктун 172,59 га жер аянтынан 172590 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.

3. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

 

О.С. Абдырахманов