Редакцияот 13.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

24-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы №24-4

 

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн

жана штаттык санын бекитүү тууралуу.

 

     Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын  бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин  2-пунктунун 17-пунктчасына  ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар—1, жооптуу катчы-1,ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл башчы-7, ВУС-2, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2 болуп бардыгы 28 штаттык саны бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин 1 жооптуу катчы штаттык бирдиги бекитилсин.

3. Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

Төрага

 

О.С. Абдырахманов