Редакцияот 13.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

24-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы №24-7

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына

корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү

боюнча 2023-жылдын 12-декабрындагы №75-токтомун бекитип берүү

 

       Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча 2023-жылдын 12-декабрындагы №75-токтомун бекитип берүү сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасы-нын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин  2-пунктунун  4-пунктчасына ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча 2023-жылдын 12-декабрындагы №75-токтому бекитилип берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Төрага

 

О.С. Абдырахманов