Редакцияот 13.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

24-сессиясы

 

2025-жылдын 13-январы №24-8

 

Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берүү жана ижарага берилип жаткан жерлердин баштапкы баасын 20 пайызга көтөрүп берүү тууралуу.

 

        Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берүү жана ижарага берилип жаткан жерлердин баштапкы берилип жаткан баасына 20 пайыз кошуу менен аукциондун жүрүшүндө старттык баа берүү тууралуу суранган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин  2-пунктунун  5-пунктчасына ылайык   Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукцион аркылуу берүүгө макулдук берилсин жана ижарага берилип жаткан жерлердин баштапкы берилип жаткан баасына 20 пайыз кошуу менен аукциондун жүрүшүндө старттык баа деп белгиленсин.

2. Социалдык багыттагы субъектилерге, жакыр үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага бериле турган айыл чарба жерлеринин 20 пайыздан ашпаган жерин түз берүү жолу менен берүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Төрага

 

О.С. Абдырахманов