Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 1
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелерин Жобосун бекитүү жөнүндө
Достук айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелерин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан макулдашып бекитилген Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сураныч катын карап чыгып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелерин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан макулдашып бекитилген Жобонун негизинде иш алып барууга макулдук берилсин.
2. Достук айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун Эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актылардын Жарлыгына ылайык Достук айыл аймагында менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда же болбосо башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча иш алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |