КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
25-сессиясы
2025-жылдын 16-февралы №25-5
«Бөрү» баатырдын мемориальдык комплексин курууга жана
Жашылдандырууга жер ажыратып берүүгө макулдук берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагынын тургуну Алишеров Шералинин «Бөрү» баатырдын мемориальдык комплексин курууга жана ошол жерди жашылдандырууга жер ажыратып берүү тууралуу жазган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Бөрү» баатырдын мемориальдык комплексин курууга жана ошол жерди жашылдандырууга Ак-терек айылындагы кайрак жерден 1 га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Жерди тактап, мыйзамдуулугун карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |