Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 2
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Шор-Булак участкасындагы №533, №534, №535 контурунда жайгашкан 1,68 га айыл чарба багытындагы жеке менчик жер тилкесин инвестиция тартуу максатында Тоок ферма куруу үчүн жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Шор-Булак участкасындагы №533, №534, №535 контурунда жайгашкан 1,68 га айыл чарба багытындагы жеке менчик жер тилкесин инвестиция тартуу максатында Тоок ферма куруу үчүн жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Абдирайимов Ахрорбек Касимжановичтин жазган арызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтому жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сураныч катын карап чыгып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн Шор-Булак участкасындагы №533, №534, №535 контурунда жайгашкан 1,68 га айыл чарба багытындагы жеке менчик жер тилкесин инвестиция тартуу максатында Тоок ферма куруу үчүн жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Абдирайимов Ахрорбек Касимжановичтин Араван районунун мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Шор-Булак участкасында жайгашкан №533, №534, №535 контурундагы 1,68 га айыл чарба жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |