Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
27-сессиясы
2025-жылдын 21-майы №27-1
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы айыл
чарбасына тиешелүү жер участогун Мамлекеттик салык кызматынын
Ноокат райондук башкармалыгына убактылуу салык постторун
уюштуруусуна берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Ноокат автожолунун жээгиндеги айыл чарбасына тиешелүү жер участогун Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат райондук башкармалыгынын убактылуу салык постторун уюштуруусуна берүүгө макулдук берүү тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын Ак-терек айылындагы № 167,200,201а контурларындагы 0,31 га жер аянтын 3 жылдык мөөнөт менен Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат райондук башкармалыгынын ички убактылуу салык постторун уюштуруусуна берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |