Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 3
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Сасык-Үнкүр айылындагы №57 контурунда жайгашкан 0,20 сотих таштуу жайыт жер тилкесин инвестиция тартуу максатында асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Сасык-Үнкүр айылындагы №57 контурунда жайгашкан 0,20 сотих таштуу жайыт жер тилкесин инвестиция тартуу максатында асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Умаров Исламбектин жазган арызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтому жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн Сасык-Үнкүр айылындагы №57 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесин инвестиция тартуу максатында асыл тукум мал чарбасын өстүрүүгө ферма курууга жер тилкесин максаттуу багытына которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Умаров Исламбек Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Сасык-Үнкүр айылындагы №57 контурунда жайгашкан 0,20 сотых таштуу жайыт жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү №169 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |