Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
27-сессиясы
2025-жылдын 21-майы №27-4
Кеңеш айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр
энергиясы үчүн чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоо
жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 11-март 2022-жылдагы “Жергиликтүү бюджеттеринде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо” жөнүндөгү жобону бекитүү боюнча № 126-токтомун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясынын лимити 644,200 киловатка бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |