Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ
02.08.2024 № 5
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну Алыбеков Омурзак Маматазизовичтин 2024-жылдын 12-июлундагы, өзүнүн жеке менчик болгон кыймылсыз мүлк багытындагы 4166,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын турак жай багыты кылып өзгөртүү менен жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну Алыбеков Омурзак Маматазизовичтин 2024-жылдын 12-июлундагы, өзүнүн жеке менчик болгон кыймылсыз мүлк багытындагы 4166,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын турак жай багыты кылып өзгөртүү менен жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 1-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну Алыбеков Омурзак Маматазизовичтин 2024-жылдын 12-июлундагы, өзүнүн жеке менчик болгон кыймылсыз мүлк багытындагы 4166,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын турак жай багыты кылып мыйзам чегинде өзгөртүү жана тийиштүү документтерин даярдоо жагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография кызматынын Араван филиалына сунушталсын.
2. Алыбеков Омурзак айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке менчик болгон кыймылсыз мүлк багытындагы жер тилкесине тийиштүү болгон документтерин алып келсин жана көрсөтүлгөн багытта тура пайдалансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Кудайбердиев |